Загрузка документа…
КӨК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
V чакырылыштагы Көк-Таш айылдык Кеңешинин кезектеги XII сессиясы
2019-жылдын 25-декабры № 11
Чоң-Сай айылындагы “Шүмгөк арык ” суугат системасынын зарылдыкка байланыштуу өзгөртүлгөн жумушчу долбоор-сметасынын негизинде, кошумча жумуштарга каражат кароо жөнүндө
Чоң-Сай айылындагы “Шүмгөк арык ” суугат системасынын зарылдыкка байланыштуу өзгөртүлгөн жумушчу долбоор-сметасын даярдоо үчүн, кошумча жумуштарга каражат кароо жөнүндөгү Көк-Таш айылдык аймагынын ФЭБ башчысы А. Эгемовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Көк-Таш айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чоң-Сай айылындагы “Шүмгөк арык ” суугат системасынын зарылдыкка байланыштуу өзгөртүлгөн жумушчу долбоор-сметасын даярдоо үчүн, кошумча жумуштарга 540 000 (беш жүз кырк миң) сом каражат кароого макулдук берилсин. (тиркеме тиркелет)
2. Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.кg веб-сайтына жарыялансын.
3. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Көк-Таш айыл Өкмөтүнө жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Таш айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы А.Эгемовго жана Көк-Таш айылдык Кеңешинин бюджет, каржы, инвестиция, муниципалдык менчик, мыйзамдуулук жана укук тартибин сактоо боюнча туруктуу комитетине милдеттендирилсин.
Төрага | Н. Жакыев |