Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Терек – Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XIX сессиясы
2019-жылдын 9-октябры № 2
“Асани” ЖЧКоомуна “Кассан-Сай көрүнүшү” участогунун (Кара-Жыгач участкасы) айланасынан чачыранды алтын казууга убактылуу пайдаланууга уруксат берүү жөнүндө
“Асани” ЖЧКоомунун жетекчиси Р.Ботобековдун “Кассан-Сай көрүнүшү” участогунун (Кара-Жыгач участкасы) айланасынан чачыранды алтын казууга уруксат берүү жөнүндөгү кайрылуусун угуп жана талкуулап Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XIX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Асани” ЖЧКоомуна “Кассан-Сай көрүнүшү” участогунун (Кара-Жыгач участкасы) айланасынан чачыранды алтынды казуу үчүн 3 га жер аянты убактылуу пайдаланууга бөлүнүп берилсин.
2. Берилген жер аянтына тиешелүү документтерин даярдап берүү жагы Чаткал райондук “Мамлекеттик жер каттоо” жана архитектура башкармалыгынан суралсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин мыйзамдуулук, укук тартиби, этика жана жаратылышты коргоо, экология боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын Мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kgсайтына жарыялансын.
Төрага | И.К. Ажакматов |