Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Терек – Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XIX сессиясы
2019-жылдын 9-октябры № 3
Терек-Сай айыл аймагында 2019-жылга атайын каражаттар эсебинен иштетилбей калган калдыктан иштетүү жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагында 2019-жылдын 1-январына карата атайын каражаттар эсебинен калган калдыктын эсебинен иштетүү боюнча КЭБнүн башчысы Т.Суванованын кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XIX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айыл аймагынын атайын каражаттар эсебинин 2019-жылдын 1-январына иштетилбей калган калдыктын эсебинен 701 разделинен 2215 беренесинен 27,0 миң сом акча каражаты Кызыл-Токой айылына “Кичи футбол талаасын куруу” үчүн бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын КЭБнүн башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4.Токтом Кыргыз Республикасынын Мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kgсайтына жарыялансын.
Төрага | И.К. Ажакматов |