Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Терек – Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XIX сессиясы
2019-жылдын 9-октябры № 4
“Эти Бакыр Терек-Сай” ЖЧКоому ЗИФ фабрика курууга даярдык көрүү жана технологиялык жолдорду баштоо максатында Эшалы болуш көчөсүнө көмөк чордонун (подстанция) курууга жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө
“Эти Бакыр Терексай” ЖЧКоомунун мүдүрү М.Тезджандын 20.01.2036-жылга чейинки мөөнөткө 20.01.2016-жылы “Тереккан”, “Ашуу” жана “Терек” кендерин иштетүү максатында берилген № 4520 АЕ Лицензияга ылайык, ЗИФ курууга даярдыктарды көрүү жана технологиялык жолдорду баштоого негизденип, Эшалы болуш көчөсүнүн элдерин электр энергиясы менен камсыз кылууга Эшалы болуш көчөсүнө көмөк чордонун (подстанция) курууга жер аянтын бөлүп берүү жөнүндөгү кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XIX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Эти Бакыр Терексай” ЖЧКоомуна Терек-Сай айыл аймагына караштуу Эшалы болуш көчөсүнүн жашоочуларын электр энергиясы менен камсыздоо үчүн көмөк чордонун (подстанция) куруу үчүн Эшалы болуш көчөсүнөн 950 м2 жер аянты убактылуу пайдаланууга бөлүнүп берилсин.
2. Берилген жер аянтына тиешелүү документтерин даярдап берүү жагы Чаткал райондук “Мамлекеттик жер каттоо” жана архитектура башкармалыгынан суралсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин мыйзамдуулук, укук тартиби, этика жана жаратылышты коргоо, экология боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын Мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kgсайтына жарыялансын.
Төрага | И.К. Ажакматов |