Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Терек – Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XIX сессиясы
2019-жылдын 9-октябры № 5
Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу кургак учук менене ооруган жана тургундарга жана майыптар күнүнө карата акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Терек-Сай жана Кызыл-Токой айылдарында жашаган кургак учук менен ооруган тургундарга жана майыптар күнүнө карата ден соолугу чектелген жарандарга акча каражатын бөлүп берүү керектиги жөнүндөгү КЭБнүн башчысы Т.Суванованын кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек – Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XIX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Терек-Сай жана Кызыл-Токой айылдарында жашаган кургак учук менен ооруган тургундарга жана майыптар күнүнө карата ден соолугу чектелген жарандарга акча каражатын бөлүп берүү керектиги жөнүндөгү КЭБнүн башчысы Т.Суванованын кайрылуусун угуп жана талкуулап, ооруган тургундарга 15 000 (он беш миң) сом, майыптар күнүнө карата айыл өкмөтүндөгү ден соолугу жана мүмкүнчүлүгү чектелген тургундарга 30 000 (отуз миң) сом акча каражаттары бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын КЭБнүн башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын Мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kgсайтына жарыялансын.
Төрага | И.К. Ажакматов |