Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Терек – Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XIX сессиясы
2019-жылдын 9-октябры № 6
Горняк-2 көчөсүндөгү эл мал айдап өтүү үчүн пайдалануучу эски көпүрөлөрдү жана Кызыл-Токой айылындагы Курманбек көпүрөсүн ондоого, Мырзалиев көчөсүндөгү ажатканага тепкич жасоого акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагына караштуу Горняк-2 көчөсүнүн тургундарынын “Аксай” кафесинин жанындагы көпүрөнүн жана токой тарапка кетүүчү көпүрөнүн эскирип, мал айдап өтүүдө коопсуздукту жаратып жатканына байланыштуу кайрадан ондоп салуу максатында, Кызыл-Токой айылындагы Курманбек көпүрөсүн жараксыз абалга келип калганына байланыштуу, Мырзалиев көчөсүндөгү ажатканага тепкич жасоо үчүн жазган кайрылууларын угуп жана талкуулап Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XIX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айыл аймагына караштуу Горняк-2 көчөсүндөгү“Аксай” кафесинин жанындагы жана токой тарапка өтүүчү мал айдап өтүүчү эски көпүрөлөрдү кайрадан ондоп салуу үчүн 200 000(эки жүз мин) сом, Кызыл-Токой айылындагы Курманбек көпүрөсүн жанылап салуу үчүн 90 500(токсон мин беш жүз) сом, Мырзалиев көчөсүнө ажатканага чыгуу үчүн тепкич жасоого 29 000 (жыйырма тогуз мин) сом акча каражаттары бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын КЭБнүн башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын Мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kgсайтына жарыялансын.
Төрага | И.К. Ажакматов |