Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Терек – Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XIX сессиясы
2019-жылдын 9-октябры № 7
“Бүчүр” мектепке чейинки билим берүү мекемесинин жаңы курулуп жаткан имаратына инвентарларды алуу үчүн акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагына караштуу Кызыл-Токой айылындагы “Бүчүр” мектепке чейинки билим берүү мекемесинин жетекчиси Г.Камчыбекованын ички инвентарлар үчүн акча каражатын бөлүштүрүп берүү жөнүндөгү кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XIX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айыл аймагына караштуу “Бүчүр” мектепке чейинки билим берүү мекемесине ички инвентарларды алуу үчүн 2 959, 4 мин (эки миллион тогуз жүз элүү тогуз миң төрт жүз) сом акча каражаты “Эти бакыр Терексай” ЖЧКоомунун 2019-жылдын соц.пакетинин эсебинен бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын КЭБнүн башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын Мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kgсайтына жарыялансын.
Төрага | И.К. Ажакматов |