Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Терек – Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XIX сессиясы
2019-жылдын 9-октябры № 8
Ак-Терек көчөсүндө жайгашкан тигүү цехке жумуш баштоо үчүн керектүү материалдарды сатып алуу үчүн демөөрчүлүк жардам көрсөтүү жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагына караштуу Ак-Терек көчөсүндө жайгашкан тигүү цехинин тигүүчүлөрүнүн жумушун баштоо, жаны жумуш орундарын ачуу үчүн демөөрчүлүк жардам көрсөтүү жөнүндөгү кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XIX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-сай айыл аймагына караштуу Ак-Терек көчөсүндө жайгашкан тигүү цехин кеңейтүү, жаңы жумуш орундарын ачуу, керектүү материалдарды сатып алуу үчүн 50 000 ( элүү мин) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын КЭБнүн башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4 Токтом Кыргыз Республикасынын Мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kgсайтына жарыялансын.
Төрага | И.К. Ажакматов |