Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Терек – Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XIX сессиясы
2019-жылдын 9-октябры № 9
Ак-Терек көчөсүндөгү күрөш залында машыккан балдарды Жалал-Абад шаарында өтүүчү турнирге алып барууга акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагына караштуу Ак-Терек көчөсүндөгү күрөш залынын тренери Д. Исмановдун Жалал-Абад шаарында өтүүчү КР эмгек синирген машыктыруучусу Узаков Ибрагимдин жаркын элесине арналган турнирге бара турган балдарга тамак-аш жана жол киреси үчүн акча каражатын бөлүштүрүп берүү жөнүндөгү кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XIX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айыл аймагына караштуу Ак-Терек көчөсүндөгү күрөш залынын машыккан балдарын Жалал-Абад шаарында өтүүчү КР Эмгек синирген машыктыруучусу И.Узаковдун урматына өткөрүлүүчү турнирге алып барып келүү үчүн 10 000 (он миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын КЭБнүн башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын Мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Төрага | И.К. Ажакматов |