Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Терек – Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XIX сессиясы
2019-жылдын 9-октябры № 10
Кызыл-Токой айылында жайгашкан күрөш залына машыгуу үчүн керектүү инвентарларды алуу үчүн акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагына караштуу Кызыл-Токой айылында жайгашкан күрөш залына машыгуу үчүн керектүү инвентарларды алуу зарылдыгына байланыштуу акча каражатын бөлүп берүү жөнүндөгү залдын тренери Д. Нарматовдун кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XIX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айыл аймагына караштуу Кызыл-Токой айылындагы күрөш залына машыгуу үчүн керектүү инвентарларды алууга 300 000 (үч жүз миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын КЭБнүн башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын Мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kgсайтына жарыялансын.
Төрага | И.К. Ажакматов |