Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Терек – Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XIX сессиясы
2019-жылдын 9-октябры № 11
Терек-Сай айыл аймагында жашаган тургундарга материалдык жардам көрсөтүү үчүн акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагына караштуу Терек-Сай айылынын Мырзалиев көчөсүнүн тургуну Стамалы уулу Рысбектин 19.05.2019-жылы туулган кызына (Стамалиева Эльнура Рысбековна) операция жасатууга, Ынтымак көчөсүнүн тургуну Шердаков Шералыга ден соолугуна байланыштуу Улуттук госпиталга дарыланууга барып келүүгө, Центральная көчөсүнүн тургуну Наралиева Уулканга ден соолугуна байланыштуу дарыланууга, Школьная көчөсүнүн тургуну, ДМЧ Жаркулов Чолпонбайга Румыния шаарында ДМЧлар арасында өтүүчү кол күрөш боюнча мелдешке катышууга жол чыгымына акча каражатын бөлүштүрүп берүү жөнүндөгү кайрылууларын угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XIX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айыл аймагына караштуу Терек-Сай айылынын Мырзалиев көчөсүнүн тургуну Стамалы уулу Рысбектин 19.05. 2019-жылы туулган кызына(Стамалиева Эльнура Рысбековна) Москва шаарынан операция жасатууга 30 000 (отуз миң) сом , Ынтымак көчөсүнүн тургуну Шердаков Шералыга ден соолугуна байланыштуу Улуттук госпиталга дарыланууга барып келүүгө 20 000 (жыйырма миң) сом, Центральная көчөсүнүн тургуну Наралиева Уулканга ден соолугуна байланыштуу дарылануу үчүн 20 000 (жыйырма миң) сом, Школьная көчөсүнүн тургуну, ДМЧ Жаркулов Чолпонбайга Румыния шаарында ДМЧлар арасында өтүүчү кол күрөш боюнча мелдешке катышууга жол чыгымына 50 000 (элүү миң) сом акча каражаттары бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын КЭБнүн башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын Мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Төрага | И.К. Ажакматов |