Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Терек – Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XIX сессиясы
2019-жылдын 9-октябры № 12
Кызыл-Токой айылындагы окуучу балдарды мектепке ташуучу Спринтер автоунаасына ремонт жасоо үчүн керектүү тетиктерди алуу үчүн акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагына караштуу Кызыл-Токой айылындагы окуучу балдарды мектепке ташуучу Спринтер автоунаасына ремонт жасоо үчүн керектүү тетиктерди алуу үчүн акча каражатын бөлүштүрүп берүү жөнүндө айдоочу Омонов Токтомамбеттин кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XIX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айыл аймагына караштуу Кызыл-Токой айылындагы окуучу балдарды мектепке ташуучу Спринтер автоунаасына ремонт жасоо үчүн керектүү тетиктерди алууга 11 000 (он бир миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын КЭБнүн башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4.Токтом Кыргыз Республикасынын Мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Төрага | И.К. Ажакматов |