Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Терек – Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XIX сессиясы
2019-жылдын 9-октябры № 13
“Келечек” мектепке чейинки билим берүүү мекемесинин музыкалык залына килем алып берүү жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагына караштуу Ак-Терек көчөсүндө жайгашкан “Келечек” мектепке чейинки билим берүүү мекемесинин жетекчиси Ч.Аликееванын музыкалык залынын заманбап жасалгалоо иштери аяктап жаткандыктан, жаны килем алып берүү жөнүндөгү кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XIX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айыл аймагына караштуу Ак-Терек көчөсүндө жайгашкан “Келечек” мектепке чейинки билим берүү мекемесине жаңы килемдерди алып берүүгө 60 000 (алтымыш миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын КЭБнүн башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын Мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Төрага | И.К. Ажакматов |