Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Терек – Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XIX сессиясы
2019-жылдын 9-октябры № 15
Мекемени каттоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү Кеңештеринин депутаттарын шайлоо жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү Кеңешинин депутаттарынын статусу жөнүндө” жана Кыргыз Республикасынын “Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндөгү” мыйзамдарынын негизинде, Терек-Сай айылдык Кенешинин Регламентин талкуулоонун негизинде Терек-Сай айыл аймагынын айылдык Кеңешинин кезектеги XIX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Терек-Сай айыл аймагынын Айылдык Кеңеши” мекемеси мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн (мындан ары мекеме).
Мекеменин толук фирмалык аталышы:
Мамлекеттик тилде: “Терек-Сай айыл аймагынын Айылдык Кеңеши” мекемеси.
Расмий тилде: Учреждение “Айылный Кенеш” Терек-Сайского айылного аймака.
2. Мекеменин юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Жалал-Абад облусу, Чаткал району, Терек-Сай айылы, К. Турдалиев көчөсү үй № 11 .
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Юридикалык жакты түзүү жөнүндө уюштуруучунун (уюштуруучулардын) чечиминде андагы көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле мамлекеттик каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын аныктыгын жана мыйзамда белгиленген учурларда юридикалык жакты түзүү мекемелери тиешелүү мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылсын.
Төрага | И.К. Ажакматов |