Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Терек – Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XX сессиясы
2019-жылдын 6-ноябры № 1
“Эти Бакыр Терексай ” ЖЧКоомуна ЗИФ куруу үчүн электр чубалгыларын тартууга жер аянтын убактылуу пайдаланууга берүү жөнүндө
“Эти бакыр Терексай” ЖЧКоомунун мүдүрү Махир Тезджандын ЗИФ курууга даярдык көрүү максатында электр чубалгыларын тартуу үчүн столбаларды (опора) орнотуу жана ошол опораларды орнотууга жол жерин куруу үчүн жер аянтын убактылуу пайдаланууга бөлүп берүү жана ошондой эле 20.01.2036 жылга чейинки мөөнөткө 20.01.2016 жылы «Тереккан», «Ашуу» жана «Терек» кендерин иштетүү максатында берилген № 4520АЕ Лицензияга ылайык, жана Жер Кодексинин 28-беренесинин негизинде инфраструктура объектерин куруу жагын аныктоо жөнүндөгү кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Эти Бакыр Терексай” ЖЧКоомуна Терек-Сай айыл аймагына караштуу “Кашка-Суу” көмөк көрсөтүү чордонун (подстанция) куруу менен электр чубалгыларын тартууга, столбаларды орнотууга жана столбаларды орнотууга жол куруу үчүн убактылуу пайдаланууга 18999,0 м2 жалпы жер аянты бөлүнүп берилсин.
2. 20.01.2016-жылдагы №4520 AE Лицензиясынын негизинде берилип жаткан 18999,0 м2 жер аянты «Эти Бакыр Терексай» ЖЧКоомуна 20.01.2036-жылга чейин убактылуу пайдаланууга укук берилсин.
3. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларын жана колдон чыгарылган пайданын суммасын төлөө жагы “Эти Бакыр Терексай” ЖЧКоомуна милдеттендирилсин.
4. Берилген жер аянтына тиешелүү документтерин даярдап берүү жагы Чаткал райондук “Мамлекеттик жер каттоо” жана архитектура башкармалыгынан суралсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин мыйзамдуулук, укук тартиби, этика жана жаратылышты коргоо, экология боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
6. Токтом Кыргыз Республикасынын Мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Төрага | И.К. Ажакматов |