Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Терек – Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XX сессиясы
2019-жылдын 6-ноябры № 2
Турмуш шарты оор жарандарга жана кургак учук менен ооруган үй-бүлөлөргө материалдык жардам көрсөтүү жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагында жашаган турмуш шарты оор жарандарга жана кургак учук менен ооруган үй-бүлөлөргө материалдык жардам көрсөтүү жөнүндөгү КЭБнүн башчысы Т.Суванованын кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айыл аймагына караштуу Эшалы болуш көчөсүнүн тургуну Тургунбаева Бактыкандын иниси тоголок жетим Ражаббай уулу Кубанычбектин окуп жаткан окуу жайынын контрагын төлөөгө 18 500 (он сегиз миң беш жүз) сом, Школьная-2 көчөсүнүн тургуну Чотбаева Батмага турмуш шартына байланыштуу 10 000(он мин) сом, Кызыл-Токой айылында жашаган кургак учук менен ооруган үй-бүлөгө 10 000 (он миң) сом акча каражаттары бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын КЭБ башчысы Т.Сувановага милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын Мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kgсайтына жарыялансын.
Төрага | И.К. Ажакматов |