Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Терек – Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XX сессиясы
2019-жылдын 6-ноябры № 3
Кызыл-Токой жана Терек-Сай айылдарында жайгашкан трансформаторлорду Ала-Бука РЭСтин балансына өткөрүүгө керектүү документтерди даярдоого акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн айылдарында жайгашкан 8 даана трансформаторлорду Ала-Бука РЭСтин балансына өткөрүү зарылдыгы жөнүндөгү Терек-Сай айыл аймагынын башчысы Б. Ашырбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XX сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн айылдарында жайгашкан 8 (сегиз) даана трансформаторлорду Ала-Бука РЭСтин балансына өткөрүү үчүн 2 даана АПУ алууга 97 800 (токсон жети миң сегиз жүз), топосьемка жасатууга 40 000 (кырк миң) сом акча каражаттары бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын КЭБ башчысы Т.Сувановага милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын Мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Төрага | И.К. Ажакматов |