Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Терек – Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XX сессиясы
2019-жылдын 6-ноябры № 4
Кышка даярдык көрүү максатында мекеме уюмдардын жылытуу системасын туташтыруу (наряд для подключения) жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагына караштуу мекеме уюмдардын жылытуу системасын экотехинспекциянын талаптарына ылайык туташтыруу зарылдыгы жөнүндөгү КЭБнүн башчысы Т.Суванованын кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектүү XX сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Терек-Сай айыл аймагына караштуу мекеме уюмдардын жылытуу системасын экотехинспекциянын талаптарына ылайык туташтырууга 79 200 (жетимиш тогуз миң эки жүз) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн КЭБ башчысы Т.Сувановага милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын Мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын
Төрага | И.К. Ажакматов |