Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Терек – Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XX сессиясы
2019-жылдын 6-ноябры № 6
2020-жылда өткөрүлүүчү шайлоого даярдык көрүү максатында шайлоо участкаларына пандустарды орнотууга акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагына караштуу шайлоо участкаларында пандустарды орнотуу зарылдыгы жөнүндөгү КЭБ башчы Т.Суванованын кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XX сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Терек-Сай айыл аймагына караштуу шайлоо участкаларына 2020-жылы Кыргыз Республикасынын депутаттарын шайлоого карата мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын шайлоого активдүү катышуусун камсыз кылуу максатында пандустарды орнотуу маселесин 2020-жылдын бюджетине киргизүү жагы айыл аймакка сунушталсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
3. Токтом Кыргыз Республикасынын Мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Төрага | И.К. Ажакматов |