Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Терек – Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XX сессиясы
2019-жылдын 6-ноябры № 7
Терек-Сай айыл аймагында жайгашкан трансформаторлорду Ала-Бука РЭСтин балансына өткөрүү үчүн жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагында караштуу Терек-Сай жана Кызыл-Токой айылдарында жайгашкан трансформаторлорду Ала-Бука РЭСтин балансына өткөрүү зарылдыгы жөнүндөгү Терек-Сай айыл аймагынын башчысы Б.Ашырбаевдин кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XX сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Терек-Сай айыл аймагына караштуу С.Мырзалиев көчөсүнөн 16м2, Ак-Терек көчөсүнөн 16м2, Кызыл-Токой айылынын: Жер уюк конушунан 16м2, мазардын жанынан 16м2, Б.Камчыбеков атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин короосунан 32м2, Агартуу көчөсүнөн 16м2 жана кайракы жерден 16м2 жер аянттары трансформатор орнотуу үчүн жер тилкеси бөлүнүп берилсин.
2. Берилген жер аянтына тиешелүү документтерин даярдап берүү жагы Чаткал райондук “Мамлекеттик жер каттоо” жана архитектура башкармалыгынан суралсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин мыйзамдуулук, укук тартиби, этика жана жаратылышты коргоо, экология боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын Мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Төрага | И.К. Ажакматов |