Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Терек – Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XX сессиясы
2019-жылдын 6-ноябры № 8
Ак-Терек көчөсүнө таза чыгаруу үчүн суу түтүкчөлөрүн (шланг) алууга жетишпеген акча каражатын бөлдүрүү жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Терек көчөсүнө таза суу чыгаруу үчүн суу түтүкчөлөрүн (шланг) алууга жетишпеген акча каражатын бөлүштүрүү зарылчылыгы жөнүндөгү КЭБнүн башчысы Т.Суванованын билдирүүсун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XX сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Терек көчөсүнө таза суу чыгаруу максатында суу түтүкчөлөрүн (шланг) алууга жетишпеген 66 000 ( алтымыш алты мин) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн КЭБ башчысы Т.Сувановага милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
4. .Токтом Кыргыз Республикасынын Мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Төрага | И.К. Ажакматов |