Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Терек – Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XX сессиясы
2019-жылдын 6-ноябры № 9
А.Чымканаев атындагы № 18 жалпы орто билим берүүчү мектебине тиешелүү жылуулук нормаларын сактоо максатында керектелүүчү буюмдар жана шаймандарга акча каражатын бөлүү жөнүндө
А.Чымканаев атындагы № 18 жалпы орто билим берүүчү мектебине тиешелүү жылуулук нормаларын сактоо максатында керектелүүчү буюмдар жана шаймандар менен камсыз кылууга жардам берүү жөнүндөгү мектептин директору Г.Турдалиеванын билдирүүсун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XX сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу А.Чымканаев атындагы № 18 жалпы орто билим берүүчү мектебине тиешелүү жылуулук нормаларын сактоо максатында керектелүүчү буюмдар жана шаймандар менен камсыз кылууга 17 500 ( он жети мин беш жүз ) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн КЭБнүн башчысы Т.Сувановага милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын Мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Төрага | И.К. Ажакматов |