Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Терек – Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XX сессиясы
2019-жылдын 6-ноябры № 10
Эшалы болуш көчөсүндөгү жасалган тепкичке тосмо (пирила) орнотууга акча каражатын бөлдүрүү жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Эшалы болуш көчөсүнүнүн тургундарынын жасалган тепкичти толук кандүү пайдалануу үчүн тосмо (пирила) орнотууга курулуш материалдарын алуу зарылдыгы жөнүндөгү билдирүүүсүн угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Эшалы болуш көчөсүнө жасалган тепкичти толук кандуу пайдалануу үчүн тосмо (пирила) орнотууга керектелүүчү курулуш материалдарын алып берүүгө 23 380 (жыйырма үч миң үч жүз сексен) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жер адиси И.Смановго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын Мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Төрага | И.К. Ажакматов |