Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Терек – Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXI сессиясы
2019-жылдын 29-ноябры № 1
"Эти Бакыр Терексай" ЖЧКоомунун убактылуу электр энергиясын тартуу үчүн ижарага жер тилкесин бѳлүп берүү жѳнүндѳ
"Эти бакыр Терексай" ЖЧКоомунун мүдүрү Махир Тезджандын ЗИФ курууга даярдык кѳрүү максатында ЛЭП-бкВ ГРП кѳмѳк чордонунан (подстанциясынан) ЖЧКоомунун бѳлүнүп берилген жерине чейин электр чубалгыларын тартуу үчүн столбаларды (опора) убактылуу орнотуу үчүн жер аянтын убактылуу пайдаланууга (ижарага), ижара келишиминин шартында пайдаланууга берүү жѳнүндѳгү кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеӊешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Эти Бакыр Терексай" ЖЧКоомума Терек-Сай айыл аймагына караштуу “Кашка-Суу” кѳмѳк чордонун (подстанциясын) курууга чейин, ижаранын негизинде ЛЭП-бкВ ГРП кѳмѳк чордонунан (подстанциясынан) ЖЧКнун бѳлүнүп берилген жерине чейин электр чубалгыларын тартуу үчүн столбаларды (опора) убактылуу орнотуу үчүн 243.0 м2 жер аянты убактылуу пайдаланууга (ижарага) бѳлүнүп берилсин.
2. Берилип жаткам жер аянты 2,6 жыл (эки жыл алты айга) тиешелүү келишимдин негизинде убактылу пайдаланууга (ижарага) берилсин.
3. Эти Бакыр Терексай'' ЖЧКоому менен айтылып жаткан жер аянты боюнча тиешелүү келишим түзүү жагы Терек-Сай айыл ѳкмѳтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы, ошондой эле айылдык Кеӊештин мыйзамдуулук, укук тартиби. этика жана жаратылышты коргоо. экология боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
5. Токтом Кыргыз Республикасынын Мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыяласын.
Төрага | И.К. Ажакматов |