Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Терек – Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXI сессиясы
2019-жылдын 29-ноябры № 2
Терек-Сай айыл аймагындагы турмуш шарты оор жана жесир үй-бүлөлөргө кышка карата катуу отун алып берүү жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагынын КЭБ башчысынын билдирүүсүнүн негизинде турмуш шарты оор жана жесир үй-бүлөлөргө кышка карата катуу отун алып берүү жөнүндөгү кайрылуусун угуп жана талкуулап. Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айыл аймагындагы турмуш шарты оор жана жесир үй-бүлөлөргө кышка карата катуу отун алып берилсин.
2. Терек-Сай айыл аймагындагы турмуш-шарты оор жана жесир үй-бүлөлөрдүн тизмесин тактоо жагы Терек-Сай айыл аймагынын соц. адиси Т. Качикеевага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин мыйзамдуулук, укук тартиби, этика жана жаратылышты коргоо, экология боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын Мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Төрага | И.К. Ажакматов |