Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Терек – Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXI сессиясы
2019-жылдын 29-ноябры № 3
"Терек-Сай Тазалык" муниципалдык ишканасынын жетекчиси Ш.Ж.Балтагуловдун ишканасынын балансында турган тракторго гидроцилиндр алуу үчүн акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
"Терек-Сай Тазалык" муниципалдык ишканасынын жетекчиси Ш.Ж.Балтагуловдун ишканасынын балансында турган тракторго гидроцилиндр алуу үчүн акча каражатын бөлүп берүү жөнүндөгү кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Терек-Сай Тазалык" муниципалдык ишканасынын балансында турган тракторго гидроцилиндр алуу үчүн 35 000 (отуз беш миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын КЭБ башчысы Т.Сувановага милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын Мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттпк администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Төрага | И.К. Ажакматов |