Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Терек – Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXI сессиясы
2019-жылдын 29-ноябры № 5
Терек-Сай жалпы орто билим берүүчү мектебинин жылытуу системасына жана өрткө каршы күрөшүү үчүн керектелүүчү шаймандарды алып берүү жөнүндө
Терек-Сай жалпы орто билим берүүчү мектебинин директору О. Исаковдун жылытуу системасына жана өрткө каршы күрөшүү үчүн керектелүүчү шаймандарды алып берүү жөнүндөгү кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай жалпы орто билим берүүчү мектебинин жылытуу системасына жана өрткө каршы күрөшүү үчүн керектелүүчү шаймандарды сатып алуу үчүн 15 700 (он беш миң жети жүз) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын КЭБ башчысы Т.Сувановага милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын Мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.сhatkal.kg cайтына жарыялансын.
Төрага | И.К. Ажакматов |