Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Терек – Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXI сессиясы
2019-жылдын 29-ноябры № 6
"Келечек" мектепке чейинки билим берүү уюмуна керектүү шаймандарды жана жылуулук мештерин алып берүү жөнүндө
"Келечек" мектепке чейинки билим берүү уюмунун жетекчиси Ч.Аликееванын бала бакчага керектүү шаймандарды жана жылуулук мештерин алып берүү жөнүндөгү кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Келечек" мектепке чейинки билим берүү уюмуна керектүү шаймандарды жана жылуулук мештерин сатып алуу үчүн 16 800 (он алты миң сегиз жүз) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин,
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын КЭБ башчысы Т.Сувановага милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын Мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.сhatkal.kg cайтына жарыялансын.
Төрага | И.К. Ажакматов |