Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Терек – Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXI сессиясы
2019-жылдын 29-ноябры № 7
"Ай-Нуру" мектепке чейинки билим берүү уюмуна күнүмдүк таштандыларды чыгаруу үчүн кол араба алып берүү жөнүндө
"Ай-Нуру" мектепке чейинки билим берүү уюмунун жетекчиси Ч. Баимбетованын күнүмдүк таштандыларды чыгаруу үчүн кол араба алып берүү жөнүндөгү кайрылуусун утуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Ай-Нуру" мектепке чейинки билим берүү уюмуна күнүмдүк таштандыларды чыгаруу үчүн кол араба сатып алуу үчүн 10 200 (он миң эки жүз) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын КЭБ башчысы Т. Сувановага милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын Мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.сhatkal.kg cайтына жарыялансын.
Төрага | И.К. Ажакматов |