Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Терек – Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXI сессиясы
2019-жылдын 29-ноябры № 9
№ 4 Yй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун тез жардам бөлүмүнүн мед.айымдарына керектүү буюмдарды алып берүү жөнүндө
№ 4 Yй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун тез жардам бөлүмүнүн мед.айымдарына керектүү буюмдарды алып берүү жөнүндөгү кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. № 4 Yй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун тез жардам бөлүмүнүн мед.айымдарына керектүү буюмдарды алып берүү үчүн 46 420 (кырк алты миң төрт жүз жыйырма) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын КЭБ башчысы Т. Сувановага милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын Мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.сhatkal.kg cайтына жарыялансын.
Төрага | И.К. Ажакматов |