Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Терек – Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXI сессиясы
2019-жылдын 29-ноябры № 11
Терек-Сай айылындагы турмуш-шарты оор жарандарга материалдык жардам берүү жөнүндө
Терек-Сай айылынын тургундары Кымбат Турдалиевага, Камалбек Хаджибековго, Бусара Маматкадыровага, Жеңишбек Сарпбековго, Кызыл-Токой айылынын тургуну Кадыйча Мырзаеванын ден-соолугуна жана турмуш шарты оор болгондугуна байланыштуу материалдык жардам берүү жана Ак-Терек көчөсүндө жайгашкан курөш залына машыгууга каттаган окуучуларды ташыган спринтердин кызмат акысы жөнүндөгү кайрылууларын угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айылынын тургундары К. Турдалиевага 10,0 (он миң), К.Хаджибековго 20,0 (жыйырма миң), Б. Маматкадыровага 20,0 (жыйырма миң), Ж.Сарпбековго 20,0 (жыйырма миң), Кызыл-Токой айылынын тургуну К. Мырзаевага 30,0 (отуз миң) сом акча каражаттары ден-соолуктарына, турмуш шартынын оор болгондугуна байланыштуу жана Ак-Терек көчөсүндө жайгашкан күрөш залына машыгууга каттаган окуучуларды ташыган спринтердин кызмат акысына 10,0 (он миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын КЭБ башчысы Т.Сувановага милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын Мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.сhatkal.kg cайтына жарыялансын.
Төрага | И.К. Ажакматов |