Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Терек – Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXI сессиясы
2019-жылдын 29-ноябры № 12
Терек-Сай айылынын Школьная көчөсүнө ажаткана куруу жана Горняк-2 көчөсүндө курулуп жаткан көпүрөгө жетишпеген акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Терек-Сай айылынын Школьная көчөсүнө ажаткана куруу жана Горняк-2 көчөсүндө курулуп жаткан көпүрөгө жетпей калган курулуш материалдарды сатып алуу үчүн акча каражатын бөлүп берүү жөнүндөгү КЭБ башчысы Т.Суванованын кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айылынын Школьная көчөсүнө ажаткана куруу үчүн 28 000 (жыйырма сегиз миң) жана Горняк-2 көчөсүндө курулуп жаткан көпүрөгө жетпей калган курулуш материалдарды сатып алуу үчүн 18 100 (он сегиз миң бир жүз) сом акча каражаты бөлүнүп берилсии.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын КЭБ башчысы Т.Сувановага милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын Мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.сhatkal.kg cайтына жарыялансын.
Төрага | И.К. Ажакматов |