Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Терек – Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXI сессиясы
2019-жылдын 29-ноябры № 13
Терек-Сай айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинин айрым бир өзгөртүүлөрдү киргүзүү жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагынын КЭБнун башчысы Т.Суванованын жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнө айрым бир өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү кайрылуусун угуп жана талкуулап. Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айыл аймагынын бюджетине төмөндөгүдөй айрым бир өзгөртүүлөр киргизилсин:
A) 701 бөлүмүнөн 1050,0 миң сом, 70921 бөлүмүнөн 350,0 миң сом жана 70911 бөлүмүнөн 722,0 миң сом бардыгы болуп 2122.0 миң сом акча каражаттары жылдык бюджеттин планынан ашыкча аткарылгандыктан № 1 тиркемеге ылайык коюлсун.
Б) Атайын каражаттар эсебинин 701 бөлүмүнөн 222 беренесинен 311 беренесине 550,0 миң сом акча каражаты № 2 тиркемеге ылайык жылдырылсын.
B) Жыл башындагы бекитилген бюджет боюнча 709-21 бөлүмүнүн 311 беренесинен 64,0 миң сом, 223 беренесинен 38,3 миң сом бардыгы болуп 102,3 миң сом акча каражаты 221 беренесине. 709-11 бөлүмүнүн 222 беренесинен 248,1 миң сом, 223 беренесинен 144,5 миң сом бардыгы болуп 392.6 миң сом акча каржаты, 221 беренесине 20,7 миң сом, 311 беренесине 371.9 миң сом акча каражаттары № 3 тиркемеге ылайык жылдырылсын.
2. Бөлүнгөн акча каражаттары өз убагында каржылоо жана максаттуу пайдаланышын камсыз кылуу жагы Терек-Сай айыл аймагынын КЭБ башчысы Т.Сувановага милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын Мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.сhatkal.kg cайтына жарыялансын.
Төрага | И.К. Ажакматов |