Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Терек – Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXI сессиясы
2019-жылдын 29-ноябры № 14
Терек-Сай айыл аймагындагы Дем берүүчү (үлүштүк) грант аркылуу каржылануучу долбоорго өздүк салым жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагындагы дем берүүчү (үлүштүк) грант аркылуу каржылануучу долбоорго өздүк салым катары жергиликтүү бюджеттен каржылануучу акча каражаты боюнча ФЭБнун башчысы Т. Суванованын кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айыл аймагына караштуу "Келечек" м.ч.б.б.уюмунун жылытуу системасын катуу отунга өткөрүү үчүн кайрадан куруу долбоору ДСДга ылайык 2270560 сом экендиги белгиленсин. Мындан өздүк каражат катары 25% айылдык аймактын жергиликтүү бюджетинен 567640 сом акча каражаты бөлүнүп берилсии. Калган 1702920 сом акча каражаты дем берүүчү(үлүштүк) гранттан суралсын.
2. Бөлүнгөн акча каражаттары өз убагында каржылоо жана максаттуу пайдаланышын камсыз кылуу жагы Терек-Сай айыл аймагынын ФЭБнун башчысы Суванова Тамарага милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын Мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.сhatkal.kg cайтына жарыялансын.
Төрага | И.К. Ажакматов |