Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Терек – Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXI сессиясы
2019-жылдын 29-ноябры № 16
Терек-Сай айыл аймагынын жергиликтуу бюджетинин айрым бир өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагынын ФЭБнун башчысы Т.Суванованын жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнө айрым бир өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айыл аймагынын бюджетинде төмөндөгүдөй айрым бир өзгөртүүлөр киргизилсин:
А) 701 бөлүмүнөн 544,8 миң сом, 70921 бөлүмүнөн 180,5 миң сом жана 70911 бөлүмүнөн 113,8 миң сом бардыгы болуп 839,1 миң сом акча каражаттары жылдык бюджеттин планынан ашыкча аткарылгандыктан № 1 тиркеме ылайык коюлсун.
Б) Жыл башындагы бекитилген бюджет боюнча 708-23 бөлүмүнүн 221 беренесинен 33,0 миң сом акча каражаты, 222 беренесине № 3 тиркемеге ылайык жылдырылсын.
2. Бөлүнгөн акча каражаттары өз убагында каржылоо жана максаттуу пайдаланышын камсыз кылуу жагы Терек-Сай айыл аймагынын ФЭБнун башчысы Суванова Тамарага милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын Мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.сhatkal.kg cайтына жарыялансын.
Төрага | И.К. Ажакматов |