Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Терек – Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXII сессиясы
2019-жылдын 17-декабры № 1
Терек-Сай айыл аймагында 2019-жылдын аягына карата малдарды жана үй-канаттууларын кайра саноодо каттоочуларга кызмат акы төлөө жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагына караштуу менчиктин түрүнө карабастан баардык категориядагы чарбаларда болгон малды жана үй канаттууларды бир жолку эсепке алуу жана каттоо жүргүзүүгө тартылган санакчыларга кызмат акы төлөп берүү жөнүндөгү экономист-статистин кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Caй айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айыл аймагында жүргүзүлгөн мал санакка жана каттоого тартылган 28 санакчыга 1000 сомдон кызмат акы төлөп берүү үчүн 28000 (жыйырма сегиз миң) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эсебинен төлөнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын КЭБнүн башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын Мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.сhatkal.kg cайтына жарыялансын.
Төрага | И.К. Ажакматов |