Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Терек – Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXII сессиясы
2019-жылдын 17-декабры № 2
Терек-Сай орто мектебинин жана "Келечек" мектепке чейинки билим берүү уюмунун жылытуу системасын катуу отунга өткөрүү үчүн дем берүүчү грантка өткөрүү жөнүндө
Терек-Сай орто мектебинин жана "Келечек" мектепке чейинки билим берүү уюмунун жылытуу системасын катуу отунга өткөрүү максатында дем берүүчү грантка (стим.грантка) долбоор даярдалган, долбоордун талабына ылайык 25% өздүк салым акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө Терек-Сай айыл аймагынын ФЭБнүн башчысы Т.Т.Суванованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1 Терек-Сай орто мектебинин жана "Келечек" мектепке чейинки билим берүү уюмунун жылытуу системасын катуу отунга өткөрүү максатында дем берүүчү грантка (стим.грантка) долбоор даярдалган, долбоордун талабына ылайык 25% өздүк салым акча каражатын бөлүп берүү үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен 1507457 (бир миллион беш жүз жети миң төрт жүз элүү жети) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын ФЭБ башчысы Т.Сувановага милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын Мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.сhatkal.kg cайтына жарыялансын.
Төрага | И.К. Ажакматов |