Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Терек – Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXII сессиясы
2019-жылдын 17-декабры № 3
Жаңы жылдык балаты майрамын жогорку деңгээлде өткөрүү үчүн акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагында жана аймакка караштуу мекемелерде жаңы жылдык балаты майрамын жогорку деңгээлде өткөрүү максатында жылдын мыктыларына грамоталарды, баалуу белектерди жана майрамдык иш-чараларды өткөрүү максатында акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө айыл аймактын ФЭБ башчысы Т. Суванованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айыл аймагына караштуу Терек-Сай, Ак-Терек жана Кызыл-Токой айылдарында жаңы жылдык балаты майрамын жогорку деңгээлде өткөрүү максатында жылдын мыктыларына грамоталарды, баалуу белектерди жана майрамдык иш-чараларды өткөрүү үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен 100 000 (жүз миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Терек-Сай айыл аймагына караштуу билим берүү мекемелеринде жаңы жылдык балаты майрамын жогорку денгээлде уюштуруп жана майрамдык иш-чараларды өткөрүү максатында 107 200 (бир жүз жети миң эки жүз) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын ФЭБ башчысы Т.Сувановага милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
5. Токтом Кыргыз Республикасынын Мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.сhatkal.kg cайтына жарыялансын.
Төрага | И.К. Ажакматов |