Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Терек – Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXII сессиясы
2019-жылдын 17-декабры № 4
Кызыл-Токой айылындагы окуучуларды ташуучу Спринтер автоунаасына кышкы дөнгөлөк сатып берүү жөнүндө
«Терек-Сай Тазалык» МИнын балансында турган Кызыл-Токой айылындагы окуучуларды ташуучу Спртинтер авто унаасына жаңы кышкы дөнгөлөк алып берүү максатында Терек-Сай айыл аймагынын ФЭБ башчысы Т. Суванованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Токой айылындагы окуучуларды ташуучу Спртинтер авто унаасына 6 даана жаңы кышкы дөнгөлөк алып берүү үчүн 30 000 (отуз миң) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эсебинен «Терек-Сай Тазалык» муниципалдык ишканасына которулуп берилсин.
2. Бөлүнгөн акча каражаттары өз убагында каржылоо жана максаттуу пайдаланышын камсыз кылуу жагы Терек-Сай айыл аймагынын ФЭБнун башчысы Суванова Тамарага милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын Мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.сhatkal.kg cайтына жарыялансын.
Төрага | И.К. Ажакматов |