Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Терек – Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXII сессиясы
2019-жылдын 17-декабры № 5
Терек-Сай жана Кызыл-Токой айылдарына курулган көчө жарыктарына техникалык шарттарды (тех.условия) алуу жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагынын КЭБнун башчысы Т. Суванованын Кызыл-Токой жана Терек-Сай айылдарына көчө чырактары жана электр чубалгылары орнотулуп, жарыктандыруу жаңы курулгандыгына байланыштуу техникалык шарттарды (тех.условия) алуу жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап. Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай жана Кызыл-Токой айылдарына көчө чырактары жана электр чубалгылары орнотулуп, жаңы курулган көчө жарыктандыруусуна техникалык шарттарды (тех.условия) алуу үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен 37900 (отуз жети миң тогуз жүз) сом акча каражаты бөлүнүп берилсии.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын КЭБ башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын Мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.сhatkal.kg cайтына жарыялансын.
Төрага | И.К. Ажакматов |