Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Терек – Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXII сессиясы
2019-жылдын 17-декабры № 6
«Бүчүр» мектепке чейинки билим берүү уюмунун жаңы курулуп жаткан имаратына чыгып баруучу тепкичтерди курууга долбоор даярдоо үчүн акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Терек-Сай айылдык аймагынын ФЭБ башчысы Т.Т. Суванованын Кызыл-Токой айылындагы «Бүчүр» билим берүү уюмунун жаңы курулуп жаткан имаратына чыгып баруучу тепкичтерин курууга долбоор (проект смета) даярдатуу үчүн акча каражатын бөлүп берүү жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз X сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Токой айылындагы «Бүчүр» мектепке чейинки билим берүү уюмунун жаңы курулуп жаткан имаратына чыгып баруучу тепкичтерин курууга долбоор (проект смета) даярдатуу үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен 40 000 (кырк миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын ФЭБ башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.сhatkal.kg cайтына жарыялансын.
Төрага | И.К. Ажакматов |