Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Терек – Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXII сессиясы
2019-жылдын 17-декабры № 8
Терек-Сай айыл аймагына караштуу жалпы билим берүүчү орто мектептерде окуучулардын билим сапатынын деңгээлин көтөрүү максатында райондук деңгээлде өткөрүлүүчү олимпиадага окуучулардын барып катышуусуна акча каражат бөлүп берүү жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагына караштуу жалпы билим берүүчү орто мектептерде окуучулардын билим сапатынын деңгээлин көтөрүү максатында Шекафтар айылында райондук деңгээлде өткөрүлүүчү олимпиадага окуучулардын барып катышуусуна шарт түзүү үчүн акча каражат бөлүп берүү жөнүндөгү Терек-Сай айыл аймагынын ФЭБнүн башчысы Т. Суванованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап. Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айыл аймагына караштуу жалпы билим берүүчү орто мектептерде окуучулардын билим сапатынын деңгээлин көтөрүү максатында Шекафтар айылында райондук деңгээлде өткөрүлүүчү олимпиадага окуучулардын барып катышуусуна акча каражат бөлүп берүү үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен 25 000 (жыйырма беш миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын ФЭБнүн башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.сhatkal.kg cайтына жарыялансын.
Төрага | И.К. Ажакматов |