Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Терек – Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXII сессиясы
2019-жылдын 17-декабры № 10
Турмуш шарты оор үй-бүлөлөргө материалдык жардам көрсөтүү жөнүндө
Терек-Сай айылдык аймагына караштуу Терек-Сай айылынын тургундары Чотбаева Чынара, Аскарова Гулзат, Чойбекова Катыча жана Кызыл-Токой айылынын тургундары Каратаева Дилде, Касымалы кызы Берметтердин ден соолуктарына жана турмуш шарттарына байланыштуу материалдык жардам көрсөтүү жөнүндөгү кайрылууларын угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айыл аймагына караштуу Терек-Сай айылынын тургундары: Чотбаева Чынарага 15 000 (он беш миң) сом, Аскарова Гулзатка 10 000 (он миң) сом, Чойбекова Катычага 10 000 (он миң) сом, Кызыл-Токой айылынын тургундары: Каратаева Дилдеге 5 000 (беш миң) сом, Касымалы кызы Берметке 10 000 (он миң) сом, жалпы суммасы 50 000 (элүү миң) сом акча каражаттары жергиликтүү бюджеттин эсебинен турмуш шарттарына жана ден-соолуктарына байланыштуу колдоо көрсөтүү үчүн бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын ФЭБнүн башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.сhatkal.kg cайтына жарыялансын.
Төрага | И.К. Ажакматов |