Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Терек – Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXII сессиясы
2019-жылдын 17-декабры № 11
Терек-Сай айылынын тургуну Жаркулов Чолпонбайдын Бишкек шаарында өтүүчү кол күрөш таймашына барып келүүсү үчүн акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагына караштуу Терек-Сай айылынын тургуну Жаркулов Чолпонбайдын Бишкек шаарында өтүүчү кол күрөш боюнча таймашка Кеңешбек уулу Самарбек экөөсү барып катышып келүүгө акча каражатынан жардам көрсөтүү жөнүндөгү кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айылынын тургундары Жаркулов Чолпонбай менен Кеңешбек уулу Самарбекти ден-соолуктарына байланыштуу мүмкүнчүлүктөрү чектелгендигин эске алуу менен Бишкек шаарында өтүүчү кол күрөш боюнча таймашка барып катышып келүүсүнө колдоо көрсөтүү үчүн 10 000 (он миң) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн КЭБ башчысы Т.Сувановага милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.сhatkal.kg cайтына жарыялансын.
Төрага | И.К. Ажакматов |