Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Терек – Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXII сессиясы
2019-жылдын 17-декабры № 12
Терек-Caй айылынын тургуну Омурзакова Бакендин кызы Омурзакова Аянаны Жалал-Абад шаарында өтүүчү Губернатордун балаты майрамына барып келүүсү үчүн акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагына караштуу Терек-Сай айылынын тургуну Омурзакова Аянаны Жалал-Абад шаарында өтүүчү Губернатордук балаты майрамына барып катышып келүүгө акча каражатынан жардам көрсөтүү жөнүндөгү Омурзакова Бакендин кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айылынын тургуну Омурзакова Аянаны Жалал-Абад шаарында өтүүчү Губернатордук балаты майрамына барып катышып келүүгө акча каражатынан колдоо көрсөтүү үчүн 3 000 (үч миң) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн КЭБ башчысы Т.Сувановага милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.сhatkal.kg cайтына жарыялансын.
Төрага | И.К. Ажакматов |