Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Терек – Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXII сессиясы
2019-жылдын 17-декабры № 13
Терек-Сай айыл аймагындагы жолбун иттерди, мышыктарды, карышкыр, чөөлөрдү атуу үчүн акча каражатын бөлүү жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагында элдин коопсуздугунун алдын алуу максатында айылдагы жолбун иттерди, мышыктарды, карышкыр, чөөлөрдү атуу үчүн элдин кайрылууларын угуп жана талкуулап Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айыл аймагында элдин коопсуздугун алуу максатында айылдагы жолбун иттерди, мышыктарды, карышкыр, чөөлөрдү атуу үчүн 26 800 (жыйырма алты миң сегиз жүз) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы "Терек-Сай Тазалык" муниципалдык ишканасына жана акча каржатын бөлүп берүү Терек-Сай айыл аймагынын КЭБнун башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин..
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.сhatkal.kg cайтына жарыялансын.
Төрага | И.К. Ажакматов |