Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Терек – Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXII сессиясы
2019-жылдын 17-декабры № 16
Чынгыз Айтматовдун чыгармалары басылып чыккан китептерди сатып алуу жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагына караштуу үч жалпы орто билим берүүчү мектептерге окуучулардын дүйнө таанымын жогорулатуу максатында Чынгыз Айтматовдун чыгармалары басылып чыккан китептерин сатып алуу боюнча кайрылууну угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айыл аймагына караштуу үч жалпы орто билим берүүчү мектепке Чынгыз Айтматовдун чыгармалары басылып чыккан даанасы 450 сомдон болгон китептерин ар бир мектепке 2 даанадан 6 даана китеп сатып алуу үчүн 2600 (эки миң алты жүз ) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн КЭБ башчысы Т.Сувановага милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.сhatkal.kg cайтына жарыялансын.
Төрага | И.К. Ажакматов |