Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Терек – Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXIII сессиясы
2019-жылдын 23-декабры № 2
Терек-Сай айылдык аймагынын бюджет бөлүгүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагынын бюджет бөлүгүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө ФЭБнун башчысы Т. Суванованын кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектүү XXIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Республикалык бюджеттен Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кирешелерин жогорулатуу үчүн стимул (түрткү) көрсөтүү максатында берилген 416,7 миң сом акча каражаты, орто мектептердин ашканаларына стол, стул жабдыктарын алып берүүгө жумшалсын.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын ФЭБ башчысы Т.Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.сhatkal.kg cайтына жарыялансын.
Төрага | И.К. Ажакматов |