Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Терек – Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXIII сессиясы
2019-жылдын 23-декабры № 4
"Терек-Сай Тазалык" муниципалдык ишканасына жумушка кийүүчү атайын форма (спец одежда) алып берүү жөнүндө
"Терек-Сай Тазалык" муниципалдык ишканасынын жетекчиси Ш.Ж.Балтагуловдун ишканада иштеп жаткан кызматкерлер үй тиричилик калдыктарын чыгарууда, автоунаа оңдогон мезгилинде кийимдери булганып жаткандыгына байланыштуу кызматкерлерге жумушка кийүүчү атайын форма (спец.одежда) алып берүү жөнүндөгү кайрылуусун угуп жана талкуулап. Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектүү XXIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Терек-Сай Тазалык" муниципалдык ишканасынын 10 кызматкерине жумушка кийүүчү атайын форма жана өтүк алып берүү үчүн 37 000 (отуз жети миң) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын КЭБ башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.сhatkal.kg cайтына жарыялансын.
Төрага | И.К. Ажакматов |