Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Терек – Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXIII сессиясы
2019-жылдын 23-декабры № 5
"Терек-Сай Тазалык" муниципалдык ишканасынын чарба кызматкерлеринин эмгек акы жана социалдык фондго чегерүү чыгымдарын 2020-жылдын жергиликтүү бюджетинен бөлүп берүү жөнүндө
"Терек-Сай Тазалык" муниципалдык ишканасынын чарба кызматкерлеринин 2020-жылга каралган эмгек акы жана социалдык фондго чегерүү чыгымдарын Терек-Сай айыл аймагынын бюджетинен карап берүү жөнүндөгү ишкананын жетекчиси Ш.Балтагуловдун кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектүү XXIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Терек-Сай Тазалык" муниципалдык ишканасынын бюджети тартыш болгондутуна байланыштуу 2020-жылдын эмгек акы жана социалдык фондго чегерүү чыгымдары, 466 700 (төрт жүз алтымыш алты миң жети жүз) сом акча каражаты, Терек-Сай айыл аймагынын бюджетине киргизилүү менен субсидия аркылуу төлөнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын КЭБ башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.сhatkal.kg cайтына жарыялансын.
Төрага | И.К. Ажакматов |